13-августта, «Мекенчил» саясий партиясынын съезди болуп өттү. Ага кырктай депутат катышып, талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Бул тууралуу аталган партиядан “Марал” радиосуна билдиришти.

  • Бүгүн пандемияга байланыштуу 45 адамдын катышуусунда партиянын кезексиз съезди болду. Анын жүрүшүндө талапкерлердин тизмеси бекитилип, партиянын программасы презентацияланды. Съезд БШК мүчөсүнүн катышуусунда өттү, — деп билдирди партиядан.

«Мекенчил» партиясынын лидери — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиев. Ошондой эле бул партияда азыркы депутаттардан Курманкул Зулушев бар. Мындан тышкары 5-чакырылыштын депутаттары Жылдызкан Жолдошева, Равшан Сабиров кирген.

Жылдызкан Жолдошева 5-чакырылышта «Ата-Журт» партиясы менен барса, Равшан Сабиров «Ата-Мекен» партиясы менен депутат болгон.

Сабиров 2011-жылы Социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалып, 2012-жылы пара алууга шектелип кармалган. Бирок көп өтпөй Биринчи май райондук соту аны актап чыгарган соң, министрлик кызматына кайтып барган.

6-чакырылыштын депутаттарынан жалгыз Курманкул Зулушев “Мекенчилдерге” кошулган. Ал буга чейин «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп барган.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.

Булак: https://maralfm.kg/

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *