Кашка-Суу   айыл аймактык  кеңешинин    VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясыны

Токтому    № 13

  17-февраль.  2021-жыл                                                                                                                                                                                                Кашка-Суу айылы

         Коммуналдык инфраструктураны каржылоо жөнүндө

Ош облусунун Чон-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Коммуналдык инфраструктураны каржылоо (VIP-KfW) 3-этап долбоорунун алкагында чакан долбоор даярдап өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгү тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Коммуналдык инфраструктураны каржылоо (VIP-KfW) 3-этап долбоорунун алкагында чакан долбоор даярдап өткөрүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып айыл аймактын айылдарында көйгөйлөрдү кайра аныктоо боюнча чогулуштардын жыйынтыктарын эске алуу менен аталган долбоорго айыл аймактын атынан айылдардагы мектептерге компьютердик жабдуу сатып алуу чакан долбоору сунушталсын.

2.Аталган долбоорго Коммуналдык инфраструктураны каржылоо (VIP-KfW) 3-этап долбоорунун талабына ылайык суралып жаткан сумманын 3,75% кем эмес акчалай салымы-200 (эки жүз миң)сом жергиликтүү бюджеттен жергиликтүү коомчулуктун салымынан камсыздалсын.

  1. Бул чакан долбоор 2021-жылдын инвестициялык планына киргизилсин.

4.Айыл өкмөт башчысына бул чакан долбоорду иштеп чыгуу жана АРИСке өз убагында тапшыруу жагы милдеттендирилсин.

5.Бул чечимди көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджеттик суроолор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                                             И.Ж.Эрмаматов

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы   сессиясынын

Токтому    № 1

2-сентябрь   2021-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

                                                                              Депутаттарды сессияга чакыруу  жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз   алтынчы сессиясын өткөрүү үчүн 2021-жылдын 2-сентябрь  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. 1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясын өткөрүү үчүн 2021-жылдын 2-сентябрь  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.
  2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Г.А.Токсонбаевага жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашка- Суу айылдык аймагынын 

кеңешинин төрагасы                                                                               А.Баатыркулов

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы  сессиясынын

         Токтому    № 2

 2-сентябрь   2021-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

Кабык айылына “Нур Телеком” ЖЧКсынын антенасын орнотууга макулдук берүү  жөнүндө

                                                                        

Кашка-Суу айыл аймагынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 445 чыгыш сандуу катынын негизинде Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы   сессиясы  төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кабык айылында уюлдук байланыштын жана интернеттин ылдамдыгын жакшыртуу максатында “Нур Телеком” ЖЧКсынын аннтенасын орнотуу үчүн 20 м кв жер аянты убактылуу пайдаланууга келишимдин  негизинде  макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  экономика, инвестиция тартуу, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга   тапшырылсын.

 

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                                 А.Баатыркулов

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы  сессиясынын

                                                              Токтому    № 3

 2-сентябрь   2021-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Тескей” участкасынын   № 14 контурунда жайгашкан таштуу жайыт эсебинде белгиленген 1,0  га жер аянтын таштандыларды таштоочу жай катары пайдалануу үчүн  жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу үчүн (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө

                                                                        

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы   сессиясы  төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Тескей” участкасынын № 14 контурунда жайгашкан таштуу жайыт эсебинде белгиленген 1,0 га жер аянтын таштандыларды таштоочу жай катары пайдалануу үчүн жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу үчүн (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  экономика, инвестиция тартуу, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга   тапшырылсын.

 

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                                А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы  сессиясынын

                                                              Токтому    № 4

 2-сентябрь   2021-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

 Кашка-Суу айыл  аймагына караштуу   “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров орто мектептерин толук   эмес комплектиленген мектептердин категориясына киргизүү  жөнүндө.

 

2021-2022-окуу жылында “Кабык” орто мектебинде  186 окуучу, “Кара-Кабак” орто мектебинде 148, Х.Базаров орто мектебинде 144 окуучу бар. Ар бир мектептеги классстарда бирден гана класс комплектиси пландаштырылган. Балдардын орточо саны ар бир класска 11-13 окуучуну түзөт. Айылдарда балдардын саны аз болгондуктан бул мектептердин класс комплектилери толук эмес болуп, жабылып калуу коркунучунда турат. Жергиликтүү шартты, айылдардын арасындагы аралыктын узактыгын эске алуу менен Кашка-Суу айылдык аймактык кеңеши

    ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. 2021-2022-окуу жылында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров атындагы орто мектептерди баланын саны аз  комплектиленген мектептеридин категориясына киргизүүнү камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдон суралсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология, спорт, туризм, жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                                А.Баатыркулов

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы  сес

Токтому    № 5

 2-сентябрь   2021-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

    “Кыргыз — Кытай — магистралдык” газ өткөргүчүн курууда  Кашка-Суу айыл аймагынын элине күйүүчү  газды пайдаланууну сунуштоо жөнүндө

Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын территориясынан өтүүчү  “Кыргыз-Кытай-магистралдык”  газ өткөргүчүн курууда Кашка-Суу айыл аймагынын элине күйүүчү газды пайдаланууну “Транс –Кыргыз Газ Пайплайн компани лимитед” жоопкерчилиги чектелген компаниясынан  суроо  жөнүндө

    ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын территориясынан өтүүчү  “Кыргыз-Кытай-магистралдык”  газ өткөргүчүн курууда Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн элинин талабына ылайык Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдарды (Кашка-Суу, Ачык-Суу, Кабык, Кара-Кабак, Жайылма, Бурган-Суу )  күйүүчү газ менен камсыз кылып берүү жагы “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн компани лимитед”  жоопкерчилиги чектелген компаниясынан суралсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                                А.Баатыркулов

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы  сессиясынын

Токтому    № 6

 2-сентябрь   2021-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

 “Ардактуу атуул”  наамын ыйгаруу                                                                                                    жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүү үчүн Кашка-Суу айыл  аймактык кеңешинин депутаттарынын сунушун талкуулап,   Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган -Суу айылынын  айыл башчысы Термечиков Насиридин Тажибаевичке, Кащка-Суу айыл аймактык кеңешинин алтынчы, жетинчи чакырылышынын депутаты Айдаров Имарали Масаевичке  “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

.

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                                А.Баатыркулов

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы  сессиясынын

     Токтому    № 7

 2-сентябрь   2021-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу жайыт аянтындагы  чөп чабынды  жерлерди жарандарга убактылуу ижарага пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдухалиловдун  Кашка-Суу айыл аймагынын жайыт аянтындагы чөп чабынды жерлерди  жарандарга убактылуу ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун  угуп, талкуулап     Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кыргыз Республикасынын  2009-жылдын  26-январындагы  №30 “Жайыттар жөнүндө”  мыйзамынын 2-беренесине ылайык жана  Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн  Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  сунушун эске алуу менен  Кашка-Суу айыл аймагынын жайыт аянтындагы чөп чабынды жерлерди  жарандарга убактылуу ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

  1. Чөп чабынды жайыт жерлерин аукциондун негизинде жана баштапкы ижара акысы 150 сомдон берилсин.

3.Тиешелүү иш- аракеттерди жүргүзүү ,жарандарга убактылуу пайдаланууга  берүү жана тиешелүү юридикалык  документтерди даярдоо  Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы  А.Абдухалиловко жана  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановко милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

.

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *