Кыргызстан өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борбору «Кумтөр» долбоору боюнча канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен жүрүп жаткан соттошуу иштеринде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон юристтерге акысынын бир бөлүгүн төлөдү. Бул тууралуу osoo.kg сайты Каржы министрлигинин «Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга таянып жазды.

 

Акча 20-сентябрда эки бөлүп которулган: биринчиси 133 млн 429 миң сом жана экинчиси 152 миң сом. Ал экөөнүн жалпы суммасы 133 млн 581 миң сомду түзгөн (Улуттук банктын курсу боюнча 1,58 млн доллар).

 

Төлөмдөр «Кыргызалтын» ААКсынын жана Arnold & Porter Kaye Scholer эл аралык юридикалык компаниясынын эсебине жүргүзүлгөн.

 

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *