Чон-Алай районунун Кызыл-Эшме айылындагы Н. Нурдинов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна жаңы жетекчи дайындалды. Бул маалыматты аталган бакчанын жетекчиси тастыктады.
Айтымында Ушул жылдын 1-сентябрь күнү Чоң-Алай районунун Кызыл-Эшме айылынын Н.Нурдинов атындагы МЧББУ мекемесинин мурдагы жетекчиси Үпөл Исакова өз каалоосу менен иштен бошотулуп, анын ордуна Зуура Райимбердиева 1-сентябрдан 9-сентябрга чейин убактылуу жетекчилике дайындалган. Андан соң 9-сентябрдан баштап райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, жана кесиптештерин колдоосу менен, мыйзамдуу түрдө жетекчиликке дайындалган.
Зуура Райимбердиева 1979-жылы 6-апрельде Чон-Алай районун Кызыл-Эшме айылында туулган. Үй-бүлөлүү эки уул бир кыздын бактылуу энеси.
Буга чейин Н. Нурдинов МЧББУну Үпөл Исакова жетектеп келген. Эске салсак Үпөл Исакова Чон-Алай айыл округунан депутаттыкка талапкер болуп, эл добушу менен депутат болуп шайланган. Эмне себептен эл өкүлүнүн иштен кеткендиги азырынча белгисиз бойдон калууда…