Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрук менен 10-ноябрда кызматынан бошотулган.
22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун аталган буйругу жокко чыгарылып, Кудайберди Кожобеков кызматына кайра келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы «Маралга» билдирди.
9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үгүт иш-чарасына студенттер катышканы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан бошотулганын айткан.
Бирок билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 10-ноябрда ОшМУнун ректору кызматынан бошотулбаганын, ал кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирген.
10-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрук менен кызматынан бошотулганын Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланган.