Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиев жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Документтерди жасалмалоо» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын билдирди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тергөөчүнүн айтымында, Кыянбек Сатыбалдиев 2012-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетинде 1996-2000-жылдары окуганын тастыктаган академиялык сертификатка ээ болгон. Анын негизинде Жалал-Абад Экономика жана ишкердик институтунун 4-курсуна тапшырып, 2013-жылы Экономика факультетин бүтүрүп, дипломго ээ болгон, андан кийин да ЖАМУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетин бүтүргөн. КУУ, «юрист» квалификациясы менен диплом алган …

«Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан берилген академиялык күбөлүк ректордун 2000-жылкы буйругунун негизинде окуудан өтпөй калгандыгы, башкача айтканда окуудан чыгарылгандыгы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, ага студент Сатыбалдиевди курстан курска которуу боюнча буйруктар жазылган баракча тиркелет. Бул буйруктарда талапкердин агасы Кыялбектин аты-жөнү көрсөтүлгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Окуу акысы да бир туугандын атынан төлөнгөн. Студенттик журналдарда Кыялбек деген да бар”,-дейт УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү.

Ал кошумчалагандай, мамлекеттик комитетте бар маалыматтар Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма документтердин негизинде Жалал-Абад Экономика жана ишкердик институтунун жана КУУнун дипломун мыйзамсыз алганын көрсөтүүдө.

«Жалал-Абад университетинин жооптуу кызматкерлери менен Кыянбек Сатыбалдиевдин ыктымал мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында сотко чейинки өндүрүш иштери башталды», — деп баса белгиледи тергөөчү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү УКМКнын маалыматын кароого алуу жана тергөө амалдары аяктагандан кийин маселени кароого кайтаруу чечимин кабыл алышты.

Эске сала кетсек,  шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *