No11 Алай шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Улан Примовго БШКдан жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. 

Улан Примов Алай районунун айылдарынын биринин жашоочуларына батирлердин ачкычын тапшырганы тууралуу басылмалар социалдык тармактарда жарыяланганы такталган. Ошондой эле Алайдын алыскы айылдарындагы мектеп окуучуларына жылуу кийим-кече, канцелярдык товарлар таратылып жатканын чагылдырган видео жана фотосүрөттөр да бар. Мындан тышкары, айрым мугалимдер Примовдун колунан чет өлкөгө жолдомо жана автоунаанын ачкычтарын алышкан. 

Милиция кылмыштын курамын тапкан жок. Бирок БШК мындай билдирүүлөр эркин билдирүүгө таасир этет жана паракорлук катары каралышы мүмкүн деп эсептейт. 

Жыйынтыгында шайлоо комиссиясы Улан Примовго кат жүзүндө эскертүү берди. 

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *