Аялды алдап, 80 миң сомун өзүнө котортуп алган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

 

31-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө бир аял арыз менен кайрылган. Ага белгисиз номерден телефон чалып, уулу унаасы менен адам сүзүп кеткенин, ишти жабуу үчүн акча бериши керектигин айткан. Аял анын эсебине терминал аркылуу 80 миң сом которгон. Кийинчерээк алдап кетишкенин билип, милицияга арыз жазган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, издөө иштери башталган.

Айтылган кылмышка шектүү катары учурда өлкөдөгү түрмөлөрдүн биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан А.М. аттуу 1981-жылы туулган адам кармалды. Ал буга чейин да мындай кылмыштарды бир нече жолу жасаганын мойнуна алган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *