Жылдан жылга ички дүң продукциябыздын көрсөткүчү төмөндөбөсө, өскөн жок. Мындай пикирин экономист Темир Ажыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

 

Ал ИДП көтөрүлүшү үчүн, экономика иштеп, түз инвестиция келүүсү шарт экенин белгиледи. Кыргызстан 2020-жылы 9 млн доллар жоготту, бул ИДПнын жок дегенде 10-15%ын түзөт. 2021-жылы 3 млн долларга чейин жоготтук.

 

«Биз көбөйткөн жокпуз, жоготуп эле келатабыз. Отчеттордун негизинде карасак, 3-4-7%га көтөрүлүп жатат, жогорулап жатат дейт, бирок мен эмнегедир аны көргөн жокмун. Тоо кен тармагы мурда 10%да жүргөн болсо, азыр толугу менен токтоп калды. «Кумтөр» деле азыр жарым-жартылай иштеп, эмне иш кылып жатканын бир Кудай билет. Курулуш тармагы 30-40%га кыскарып кетти. Бүгүнкү күндө инфляция 7-8 % деп жатышпайбы, бүгүнкү күндө андай эмес, 25% га чейин инфляция бар», — деген оюн билдирди экономист.

 

Ал ИДПны өстүрүүдө жаңы өкмөттүн өнүктүрүү программасына деле ишенүүгө болбой турганын белгиледи.

 

«Президенттер келип-кеткени менен мыйзамды аткара турган ортоңку катмар ордунда калып жатат. Ал кадрлар ал жерде 20-30 жылдап отурган кадрлар. Кыйын кадр болушу мүмкүн, бирок алардын ою ар кандай, алар ошо президенттин бул багыттагы векторун кабыл алган жок да. Азыркылар да кабыл албайт. Акылбек Жапаровдун программасы — сонун программа, мен толугу менен колдойм, бирок ылдыйкы деңгээлге түшкөндө көрөсүздөр, ордунан жылбайт. Анткени ал жердегилердин муну жылдырууга эч кандай кызыкчылыгы жок», — деди ал .

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *