15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги окутуу офлайн режимде өтүлөт. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин бүгүн, 25-августта өткөн кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Отурумда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев өлкөдөгү окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар салттуу түрдө окууга өтүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, окуу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин окууну салттуу түрдө баштоо үчүн билим берүү тармагында иштеген кыматкерлердин 70%ы эмдөөдөн өтүшү керектиги айтылган. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 61 миң 457 адам же кызматкерлердин 55,8%ы COVID-19га каршы эмделген. Ага байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов окуу башталганга чейин билим берүү тармагында кызматкерлердин 70%ын эмдөөдөн өткөрүп, окуучулар жана мугалимдер арасында коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн иш-аракеттер планын иштеп чыгууну тапшырган.

Эскерте кетсек, быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталат.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *