Саламатсыздарбы?
«Кадырлуу калайык калкым». Урматтуу менин айылдаштарым.
Мен, Мамасаит кызы Апел 2021-жылдын 11-апрелинде боло турчу шайлоого жергиликтүү кеңешке депутат болуу максатында Шибээ айылыбыздын өнүгүүсү үчүн, элибиздин, жерибиздин,жаш муундардын келечегине кайдыгер карабай, ак-ниетим менен иштеп берүүгө аттандым. Айылыбыздын өнүгүүсүнө, чын дилим менен ак кызмат өтөймүн деп ишендирип кете аламын. Жаш муундардын келечек ээлеринин терең билим алуусуна шарт түзүп берүү үчүн талыкпай эмгек кыламын. Мен сиздерге берген убадама бек туруу мүмкүнчүлүгүм бар экенин билдиремин. Идеяларым абдан көп бирок аны ишке ашыруу үчүн сиздиндердин добушуңуздар чоң рол ойнойт. Жараткан Кудайдын буюругу, сиздердин колдооңуздар менен, бул алдыга койгон максатым ишке ашат деген ишеничтемин. Мен сиздерге ишенем, урматтуу айылдаштарым. Андыктан 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо эл мүдөөсүн ойлогон, айылы үчүн күйүп бышкан жаш кызыңыздарга добуш бериңиздер.
Ар дайым элибизде аманчылык жергебизде тынчтык болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен өз кызыңыздар Мамасаит кызы Апел.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *