Журналист Болот Темировдун кесиптеши акын Болот Назаров Temirov Live`дын редакциясынан баңгизатын алып чыгып бара жаткан. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда Назаровдун бульбулятор аркылуу баңгизатын колдонгону тууралуу видео тараган.

УКМКнын жетекчиси белгилегендей, Temirov Live`дын кеңсесин тинтүү редакцияда баңгизаты сатылууда деп кайрылган адамдардын арызынын негизинде жүргүзүлгөн.

«Болот Темиров менен Болот Назаровдун баңгизатын колдонгону текшерилген. Болот Темировдун канынан баңгизаты табылган эмес, бирок Назаровдун канынан табылган. Буга чейин укук коргоо органдарына Temirov Live`дын редакциясында баңгизаты таратылып жатат деген арыздар түшкөн. Кармоого УКМКнын эч кандай тиешеси жок, тергөө милицияда. Мен Ички иштер министрлигинен шектүүлөрдүн укугун бузбай, иликтөө жүргүзүүнү сурандым. Бул баңгизатына байланыштуу гана кылмыш”, — деди ал.

Акын Болот Назаров акыркы убакта бийликти сынга алган «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармаларын чыгарган.

20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган.

22-январда күч органдары анын иштеген кеңсесин тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен жана кеңседеги компьютерлерди алып кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизатын салып коюшканы айтылган. Кийин журналисттин канынан эч кандай баңгизаты табылган эмес.

Бүгүн, 23-январда ички иштер министрлигинин өкүлү Сапарбек Аманкулов митингге чыккан журналисттерге Болот Темиров өлкөдөн эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулгандыгын билдирди.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *