Бүгүн 15-апрель Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы МЧББУ (мектепке чейинки билим берүү уюму) мекемесинде китеп окуу сынагы болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү мекемеси кабарлады.

Ага эки МЧББУ катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө ата-энелер китеп окушуп жигердуулугун көрсөтүштү.
«Алгач «Дара» МЧББУ мекемесинде үч (3) эненин балдары менен чогуу катышуусунда китеп окуу боюнча «Мыкты эне» сынагына катыштты. Андан соң Энелер К.Акматовдун «Балам мыкты болсун десеңиз» китебин жеткиликтүү түшүнгөнү, чоң таасир алышканы белгиледи.
Кийинки китеп окуу боюнча иш чара И.Маматмусаев атындагы МЧББУ мекемесинин 12 ата-энесинин (6 ата, 6 эне) катышуусунда К.Кимсановдун «Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр» жана К.Акматовдун «Балам мыкты болсун десеңиз»китептери боюнча жогорку деңгээлде өттү. Ата-энелер китепти ийне-жибине чейин өздөштүрүп, түшүнүшкөнүн талкууда көрсөтө алышты.»

Кошумчалай
«Дагы бир өзгөчөлүк- бакчанын демөөрчүсү Жибек Туратбекова китептен себет жасап, жетекчи Ш.Жапарова көрүүчү ата-энелерге Китеп Себет чыгарды. Көрүүчү ата-энелер да мындан кийин китепти көп окушаарын, жайылтууга салым кошо тургандыктарын белгилешти.» -деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Эске салсак мындай иш чаралар райондук билим берүү мекемесинде мектеп, МЧБУда тез арада уюштурулуп турат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *