Премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө ушул жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча «Жол картасы» каралды жана тийиштүү сунуштар жана толуктоолор берилди.

Премьер-министр Улукбек Марипов киргизилип жаткан товарларды тыкыр эсепке алууну камсыздоо, салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттешүүнүн бардык процедураларын санариптештирүү үчүн иштерди ыкчамдатуу, ошондой эле фискалдык органдарда заманбап аналитикалык тутумдарды түзүү жаатында ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Эске салсак, ушул жылдын 1-апрелине карата «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервисине 273 277салык төлөөчү кошулган, анын 41 461и – юридикалык жактар, 231 816и – физикалык жактар.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *