2020-жылдын 23-июлунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36;
Таласта түнкүсүн +14…+16, күндүз +32…+34;
Ош облусунда түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37;
Баткен облусунда түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+28;
Бишкекте шаарында абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36 градус болот. Түнкүсүн күндүзү жаан-чачын жаабайт.
Алай өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15 градус болот. Түнкүсүн күндүзү жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.