8-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарында жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Ош облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +1…+3, күндүз +13…+15.
Чоң-Алай районунда 8-октябрга карата түнкүсүн да күндүзү кар жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6 градус жылуу болот.