13-февралда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-2, күндүз +10…+15;
Ош облусунда +1…+6, күндүз +13…+18;
Жалал-Абад облусунда +1…+6, күндүз +13…+18;
Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…+8.
Бишкекте 13-февралда түнкүсүн кар аралаш жаан жааса, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +13…+15.
Ош шаарында 13-февралда түнкүсүн да күндүзү да жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18.
Чоң-Алай районунда 13-февральга карата күндүзү тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн кар жаашы күтүлбөйт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус болот.
12-февралынан 14-февралына аралыгында жаан-чачынга байланыштуу райондордо жана Каракол-Эңилчек унаа жолунда 64-90-чакырымдарында кар көчкү жүрүүсү күтүлөт. Айрым бөлүктөрүндө кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.