Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Анда ал аталган кызматтын алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлганын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын план коюлган», — деди Жапаров.

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча маалымат беришти.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Мамлекеттик салык кызматына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

0

Автор публикации

не в сети 3 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *