Исакова Үпөл Өмүрбековна 1975-жылы 5-февралында Ош облусунун Чон-Алай районунда туулган.

Ош Жогорку Колледжинен педагогика факультетин, Ош Мамлекеттик Университетинен филология факультетинен окуган.

Алгач орто мектепте мугалим, кийин Чоң-Алай райондук «Чоң-Алай жаңырыгы» газетасын түптөп туңгуч редактору болот. Учурда Чон-Алай районунда Н.Нуридинов атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору болуп иштеп келет.

Кыргызстан Журналисттер Союзунун, Кыргыз акын-жазуучулар фондунун, Дүнүйө таланттары оодагы бирикмесинин мүчөсү, «Менин сүйүктүү мугалимим», «Асылзат» төш белгилеринин ээси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак граммотасы, «Алтын калем» сыйлыгынын 2004, 2006 лауреаты, «Мыкты чыгарма», «Жылдын мыкты калемгери» номинацияларынын ээси, райондук, облустук бир нече Диплом, грамоталар менен сыйланган.

«Сезим ыргактары», «Айыл», «Өмүр белеги» аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Үй-бүлөлүү,

Бир уул, эки кыздын энеси.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *