Биринчи вице-премьер Артем Новиков Республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, коронавирустан коргонуу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Анда соңку аптада COVID-19 жуктургандардын саны өсүп кеткени айтылды.

Новиков ооруканаларда даярдалган орундардын 50%ы бош турганына карабай катуу даярдык көрүү керектигин белгиледи.

«Саламаттык сактоо системасынын биринчи звеносу ар бир облустан айыл өкмөттөргө чейин калктын ден соолугуна байкоо салып турушу керек. Эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп баратса кошумча чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралат. Дары-дармектин кеминде эки айлык запасы сакталып турушу зарыл. Баалары мамлекеттин катуу көзөмөлүндө болот«, — деди Новиков.

Ал кийинки жумада фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен жолугарын кошумчалады.

Ошондой эле ал 1-апрелге чейин бардык медициналык мекемелер кычкылтек берүү системасына кошулуп, ал эми өзүнчө ачылган жана жарым стационардык мекемелерди кычкылтек концентратору менен камсыздоо тапшырмасын берди.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *