Жыл башынан бери Кыргызстанда 4 миң 148 жол кырсыгы катталып, анда 496 адам каза болуп, 6271 адам жаракат алышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«2020-жылдын тогуз айында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда 915 жол кырсыгы катталды. 59 бала каза болуп, 1363 адам жаракат алышты », — деп билдирди ИИМ.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жол кайгуул кызматынын жетекчилигине жол кырсыктарын азайтуу, ошондой эле өлкөнүн жолдорундагы адамдардын өлүмү жана жаракат алуу фактыларын азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү тапшырды.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *