Министрлик жана ведомстволордо IT жааты боюнча орун басар кызматын киргизүүнү болжоодобуз деп билдирди  премьер-министр Улукбек Марипов 27-февралда IT-тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушуу учурунда.

Өкмөт башчынын айтымында, IT-тармакка тиешелүү көнүл бурулбай жатканын жана IT-тармагы өлкө үчүн маанилүү жана бизнес-тармактын бюджеттин киреше бөлүгүнө — 21 млрд сомдон ашуун киреше салык түрүндө жана социалдык чегерүүлөргө 17 млрд сомго жакын салым кошкон. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 15%га көп.

«Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет. Мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы – мамлекет тараптан кетип жаткан кемчилик десек болот. IT-тармакка тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын моюнга алуу керек, бирок биз бул маселе боюнча абалды жана ага карата мамилени өзгөртүүгө ниеттенүүдөбүз. Тактап айтканда, мамлекеттик органдарды санариптештирүү менен алектенген мамлекеттик органдын макамын жогорулатуу пландаштырылууда, жогорку кесипкөй кадрларды ишке тартуу менен бардык министрлик жана ведомстволордо IT жааты боюнча орун басар кызматын киргизүүнү болжоодобуз», – деп билдирди Улукбек Марипов.

Марипов белгилегендей, жакын арада Президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлөт, анда санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу тармагындагы учурдагы абал талкууга алынат.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *