Мамлекет акыркы жылдары жайыт маселесине кылдат көңүл буруп келе жатат. Бул тууралуу Жер ресурстарына байланыштуу мыйзамдар боюнча эксперт Эдил Мамытбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым жерлерде жайыттар туура эмес багытта пайдаланылып кеткен. Бул жерден жайыт комитеттери иштебей жатканы көрүнүп турат.

Жеке гана климаттын өзгөрүүсүнөн эмес, туура эмес пайдаланылгандыктан да, айыл жергесиндеги жайыттар жараксыз болуп калган.

Маселен, топоз 3000 метр бийиктикте оттошу керек. Эгерде ал 2500 метр бийиктикте оттосо, башка малга чөп жетпей калат да, жердин кыртышы бузулат. Андыктан малды түрүнө карап, кезек-кезеги менен жаюу зарыл.

Эгерде чөбүн мал жебесе, анда жайыт жараксыз болуп саналат.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *