Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Балдардын чыгармачылык борборунда «Алтын күз» аталышындагы жумалык болуп өттү. Бул тууралуу аталган борбордун мугалимдери кабарлады.

Жумалыктын негизги максаты класстан тышкаркы, кызыктуу иш-чаралар аркылуу окуучулардын окууга жана ар кандай багыттарда өзүнүн инсандык өсүп- өнүгүүсүнө багыт берүү.
Экинчи негизги максаты жумалыкта өтүлгөн сабактарда оюндарды интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен окуучулардын окуу, чыгармачылык жактан өнүктүрүү, баарлашуу, башкаларга жардам берип, көмөк көрсөтүү көндүмдөрдүн өнүктүрүү.

Айтымында мындай иш чаралар жылда өтө чоң, жана кызыктуу деңгээлде өткөнүн баса белгиледи.

Жыл өткөн сайын чыгармачылыкка кызыккан балдардын көбөйгөнүн билдирип. Мындан сырткары Чон-Алай райондук Балдардын чыгармачылык борборунун мугалимдери облустук, республикалык сынактарга катышып алдыңкы орундарды алып келгенин кошумчалады.

 

 

( Урматтуу окурман!
Сиз да өз иш кананыздагы жаңылыктардан кабарлап же кандайдыр бир кызыктуу окуя ж.б.у.с бизге жиберсеңиз болот ал үчүн биздин сайтыбызда көрсөтүлгөн номерге кайрыласыз!)

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *