2-январь күнү Чоң-Алай районунда 8 айлык баланын кызыл өңгөчүнөн 3 сомдук тыйын операциясыз алынды. Бул тууралуу дарыгердик практика борборунун башчысынын орун басары Арстанбек Карыбеков билдирди.
Анын айтымында, бала ооруканага Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Мык айылынан 2-январь күнү кечки саат 20:50 чамасында келип түшкөн.
«Кара-Мык айылынын Азамат аттуу тургуну 8 айлык баласын Чоң-Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна алып келген. Баланын кызыл өңгөчүнө тыйын тыгылып калган. Баланы рентгенден текшерип, наркоздун жардамы менен 3 сомдук тыйынды алдык. Учурда баланын абалы жакшы», – деди Арстанбек Карыбеков.
8 айлык баланын атасы Чынберди Сүйүнбай уулунун айтымында, уулу чөнтөктөн түшүп калган тыйынды жутуп алган. Аны эч ким көргөн эмес. Баланын тамагына тыйын туруп калганын билгенден кийин 2 саатта Дароот-Коргондон Чоң-Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна жетип, дарыгерлерге кайрылышкан. Дарыгерлер 1,5 сатта тыйынды алып чыгышты. Ошол түнү бала дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, эртеси үйүнө чыгарылган.
8 айлык М.Ч. 2019-жылы апрель айында Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Мык айылында туулган.
Булак: Turmush.kg