21-октябрь Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жайгашкан №44-кесиптик лицейинде “Фермер күзү” аталышындагы жумалык болуп өттү. Бул тууралуу аталган лицейден кабарлады.

Айтымында айыл чарба багытындагы, тагыраагы айылда өскөн өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн эффективдүү жаңы ыкмалары боюнча студенттерге түшүндүрмө берилген.

“Чон-Алай районуна караштуу №44-кесиптик лицейинде өндүрүштүк окуулар боюнча усулдук бирикменин жетекчиси Темирбаев Эргештин иш чарасына ылайык “Фермер күзү” жумалыгы болуп өттү. Мында Чон-Алай районунда өскөн айыл чарба өсүмдүктөрү, жер жемиштер, нан сүт азыктары, картошканын түрлөрү жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн технологиясы боюнча окуучуларга түшүндүрмө берилди.” -деп билдирет маалыматта.

Дагы кошумчалай кетчу нерсе аталган лицейде мындай иш чаралар көп болоорун, жана келечекке мыкты адистердин чыгышына ишенерин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *