Президент Садыр Жапаров кечээ жаңы шайлоо мыйзамына кол койду .

 

Мыйзамга ылайык, талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо өтүп жаткан аймакта телерадио уюмдарынын каналдарында аларга бекер эфир убактысын берүүгө укуктуу. Мезгилдүү басма сөз каражаттары, ошондой эле толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары же алардын ведомстволук мекемелери жана ишканалары болуп саналган интернет басылмалары, уюштуруучулары, тең уюштуруучулары жана ээлери, ошондой эле Салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон жалпыга маалымдоо каражаттары саясий партиялар тарабынан А4 форматындагы бир беттен кем эмес өлчөмдө акысыз басылып чыгарылган же тийиштүү түрдө электрондук мейкиндик бөлүшү керек.

Бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка ат салышкандарга бекер эфир убактысы жана басмакана берилет.

Жарыштын бардык катышуучулары үчүн дебаттар уюштурулаары көрсөтүлгөн.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округдар (36 мандат) боюнча түзүлмөкчү.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *