Сиздердин алдыңыздарда үч маанилүү багыт турат. Кыска мөөнөттө калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында жигердүү өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл. Бардык суроо-талаптар электрондук документ жүргүзүүгө өткөрүлүшү керек. Өлкөбүз жаңы жылга чейин электрондук документ жүргүзүүгө өтүшү тийиш. Мындан тышкары, салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүү, виртуалдык кампаларды ишке киргизүү зарыл. Келерки жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызмат көрсөтүү, бизнес менен өз-ара аракеттенүү, санариптештирүү боюнча механизмдер даяр болушу керек. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жаңы министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Дастан Догоевди тааныштыруу учурунда билдирди.

 

Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүү стратегиялык жактан маанилүү. Ошондуктан ишмердүүлүктүн көптөгөн артыкчылыктуу тармактарында санариптештирүү боюнча комплекстүү ишти улантуу зарыл.

 

26-октябрда министрлер кабинетинин түзүмүндө президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлүп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Дастан Догоев дайындалды.

 

Эске салсак, Дастан Догоев ушул жылдын 20-майында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 12-октябрда жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына жана түзүмүнө өзгөртүү киргизилип, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *