Президенттин жөлөк пулду туура эмес төлөгөн кызматкерлерди жоопко тартуу ою колдоого аларлык. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер Максатбек Дыйканов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кээ бир жерде чыныгы муктаж адамдар жөлөк пул албай калып атат. Эски машинасы болсо, же муздаткычы, телевизору болсо эле жөлөк пул бербей койгон туура эмес. Бүгүнкү күнү унаа колдонуу да кымбат нерсе, эски унааны колдонуу андан кыйын. Андыктан алардын турмуш-шартын карап, айылдагы аксакалдардан сураштырып, чыныгы муктаж үй-бүлө ала тургандай критерийлерди иштеп чыгыш керек.

«Экинчиден, биз ички миграцияны токтотуу үчүн аймактарга абдан көңүл бурушубуз керек. Региондорго жумуш ордун ачыш керек, элди жумуш менен камсыз кылыш керек. Мисалы, мен Баткен облусун бүт кыдырып чыктым, эң негизги маселе — сугат суу менен таза суу маселеси экен. Дайранын баары биздин Кыргызстандан башталат, анын пайдасын кошуналар көрүп атышат. Ошого биз каналдарды куруп, жаңы жерлерди өздөштүрүшүбүз керек. Баткенде 10 миңдеген жерлер бош жатат. Ошол эле мезгилде кээ бир айылдарда жаштарга жер тилкесин алуу проблема, жер калбай калган. Анан жаштар башка жакка көчүп кетүүгө мажбур болот. Ошолорго биз жаңы тилкелерди өздөштүрүп, сууларды чыгарып, жерлерди беришибиз керек. Элди көтөрүүнүн бир жолу ушул», — дейт ал.

Ал Европадан,Түркиядан сапаттуу көчөттөрдү алып келип, дыйкандарга насыяга болсо да таратыш керек деген ойдо. Кийин түшүмдү сатуу, логистика жагын ойлонуштуруш керек. Ошондо акырындап элдин турмуш-шартын оңдосо болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *