Казакстанда өлкөдө болгон тополоң фактылары боюнча 125 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдирди.

Анын айтымында, милиция тарабынан зордук-зомбулук, адам өлтүрүү жана тоноо фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

Буга чейин Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги  өлкөдө болгон тополоңго байланыштуу 5 миң 135 адам кармалганын билдирген .

Ички иштер министрлигинин башчысы ошондой эле милиция кызматкерлери менен курсанттардын ур-токмокко алынганын, алардын формасын, атайын жабдыктарын тартып алышканын, алар ээн-эркин ок чыгарып, тартип сакчылары эле эмес, карапайым жарандар да набыт болгонун айтты. Тополоңдо 400 унаа талкаланган, анын 346сы полиция кызматкерлери.

9-январдын таңында жергиликтүү маалымат каражаттары аймактардагы бардык май куюучу жайларга күйүүчү май берүү жанданганын, азык-түлүк үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын, республика боюнча зымдуу интернет кошулганын, бирок мобилдик интернетке туташуу дагы деле мүмкүн эместигин жазып чыгышкан.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип , өкмөттү отставкага кетирип , Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан Scorpion спецназдары жөнөтүлгөн .

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *