Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анын билдирүүсү 28-январда саат 03:00дө фейсбук жана инстаграмдагы баракчасына жарыяланды.

Анда Жапаров: «Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула», — деп жазды.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Соңку маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөшүү боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Анда:

— ок атууну токтотуу;

— эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;

— Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;

— чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу тууралуу келишишти.

Мындан сырткары Баткен-Исфана авто жол каттамында тоскоолдуксуз каттамдар жүрүп жатканын кабарлады.

Түнкү саат 02:00дө дагы үч жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу жеткирилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын экөө денесинин ар кайсы жеринен жараат алса, үчүнчүсү октон жараат алган. Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Чек арадагы жаңжалда жалпысынан 7 жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *