Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын атышуусу дале токтобой жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

27-январь саат 23:50дө эки тарап ок атышпоого макулдашкан. Андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн коштоосунда Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу пландалган.

Бирок тажик тарап келишимди бузуп, саат 00:00дө кыргыз тарапты аткылоосун кайра баштаган.

28-январь саат 00:30га алынган маалыматта Кыргызстандын Көчө-Бою жана Тажикстандын Дахма аймактарында эки тараптуу кагылыш болуп жатканы айтылды.

Айта кетсек, бүгүн, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.

Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *