Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык, 13-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүп, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз +8…+13;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;
Баткен облусунда түнкүсүн 3…+8, күндүз +12…+17;
Ош облусунда түнкүсүн 3…+8, күндүз +12…+17;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 3…+8, күндүз +12…+17;
Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, түнкүсүн күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 3…+5 градус, күндүз +10…+12 градус болот.
Ош шаарында түнкүсүн да, күндүзү да жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +13…+15 градус.
Чоң-Алай районунда түнкүсүн да күндүзү да жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы түштүк-чыгыш 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…3 градус болот.