19-июлда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
ӨКМ кызматы 18-19-июль күндөрүндөгү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан өткүнгө байланыштуу Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;
Талас облусунда түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35;
Ош облусунда түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;
Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус болот.