Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык, 30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарына кар түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Ош облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+20;
Баткен облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+20;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+20;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +1…+7, күндүз +15…+17;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18.
Чоң-Алай районунда 30-сентябрга карата түнкүсүн да күндүзү жаан жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн –3…-8, күндүз +8…+13 градус жылуу болот.