Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык, 9-февралда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Ош облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз +9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.
Бишкекте 9-февралда түнкүсүн кар аралаш жаан жааса, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +2…+4.
Чоң-Алай районунда 9-февральга карата күндүзү да түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус болот.