Танзанияда кеминде 15 киши каза болуп, 50дөн ашык болушу улам белгисиз оору менен ооругандар үчүн ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Анадолу  агенттиги өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрилигинн сайтына шилтемеге берип жазып чыкты.
Көрсөтүлгөндөй, ооруулуулар жүрөгү  айланып өзүн бир кызыкдай сезип, кан кусат.
«Бул оору али кеңири жайыла элек, эпидемия бир гана административдик райондо болуп,  адамдар кан кусуп жатышат, ооруу жуктурган адам ооруканага келгиче каза болууда», — деди Мбея аймагынын Чуня районунун башкы дарыгери Фелиста Кисанду.
Дарыгер кошумчалагандай, алгачкы клиникалык текшерүүдөн бейтаптар, негизинен эркектер ашказан жарасы жана боор оорусу менен жабыркаган.
Агенттик ошондой эле Танзаниянын саламаттыкты сактоо министри аймакка эксперттер тобун жөнөткөнүн кабарлады.
Мындан тышкары, Мбеянын башкы медициналык кеңсесиндеги каттоолорго ылайык, ушул сыяктуу учурлар 2018-жылы аймакта катталып, бир нече адам катуу ысытма, тамак сиңирбөө жана кан кусуу менен жабыркаган.
0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *