Район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү иши 11-мартта Нарын облусунан башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

Сынактык жараян үч этап менен өтөт. Тактап айтканда, алгач акимдикке талапкерлер район жетекчилигине тиешелүү мыйзам камтылган тест тапшырат. Андан соң Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы жетекчилик кылган атайын комиссия Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милициядан, УКМКдан жана жарандык коомдон алынган маалыматтар менен таанышып, аны талкуулайт. Акыркы этапта комиссия менен талапкердин ортосунда оозеки маектешүү жүрөт.

Ошол эле учурда аким болом деген адамдардын билими, кесиби, тажрыйбасы да эске алынат. Ушул өңдүү бир катар квалификациялык талаптарга жооп берген адам гана акимдикке, орун басарлыгына сунушталат же кадрдык резервге киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдрахман Маматалиев билдирип, буларды кошумчалады:

«Аттестация да, конкурс да бардыгына калыс ачык-айкын жүргүзүлөт. Биз Мамлекеттик кадр кызматынын сайты аркылуу иштин жүрүшүн баштан-аяк онлайн чагылдырып турабыз. Каалоочулардын бардыгы көрүп тура алышат. Тесттин суроолору эч кимге берилбейт. Тест башталар алдында Бишкектен компьютер аркылуу жөнөтүлөт. «Кимдир бирөөлөргө алдын ала сатат экен», — деген болбогон сөз. Илгери болгондур, эми андай эмес. Акимдердин арасында билими жоктор да бар. Ошолорду электен өткөрөбүз».

Эске салсак, Абдрахман Маматалиев буга чейин келечекте бардык жогорку кызмат адамдары сынактан өткөрүлөрүн билдирген болчу.

Азырынча районду жетектөөгө кызыкдар болгон 284 адамдан арыз келип түштү, алардын катары дагы эки эсе көбөйөрү болжолдонууда. Атайын дайындалган комиссия район башчыларынын билим деңгээлин жеринен барып баалоодо. Комиссиянын курамында Президенттин, Өкмөттүн аппаратынан жана тийиштүү министрликтерден атайын өкүлдөр, ошондой эле буга чейин жетекчилик кызматтарда жүргөн тажрыйбалуу адамдар кирген.

Сынактан соң комиссия катышкан акимдерди жана орун басарларын «өз кызматына ылайык келет жана кызматынан жогорулатса болот» деген талап менен кадрлар резервине киргизет; же өз ордунда калтырат; же «кызматына ылайык эмес» деп таап, Өкмөт башчыга иштен бошотуу сунушун берет.

Өкмөттүн бул аракеттин эксперттер да колдоого алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагы боюнча эксперт Бакыт Рыспаев саясат аралашпаса, чын ниеттери менен тандап алган болсо, колдоого алууга болорун айтат.

«Коммисияга ондон ашык адам кириптир. Курамын карасак, мурда жогорку кызматта иштеп жүргөн, тажрыйбалуу адамдар экен. Эгерде саясат аралашпаса, чын эле ниети туура болуп, чын эле «ошол билими жетпегендердин ордуна татыктууларды алып келебиз» деген болсо жакшы, колдоого аларлык болот. Эгерде саясат аралашып кетсе, «келе жаткан шайлоого же күзүндө боло турган шайлоого чейин аймактарга өзүбүздүкүлөрдү коюп алалы» деген сыяктуу максаттары болсо, анда аны колдоо туура эмес». 

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов президент Садыр Жапаровдун «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» жарлыгы боюнча кайрылуу жасаган. Анда ал бул жарлык «мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын жана тажрыйбасын түп-тамырынан өзгөртүүгө шарт түзөрүн» белгилеген.

Социалдык тармактарда Өкмөттүн акимдерди электен өткөрүү демилгесин сындагандар четтен табылды. Айрымдар акимдердин ишинин реалдуу бааланышынан шек санап, коррупциялык көрүнүштөр орун алышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев кайра баалоонун мыйзамдык жагына токтолуп, саясий кызмат орун катары эсептелген акимдерди сынактан өткөрүү маанисиз деп эсептейт.

«Аким — премьер-министр тандаган, анын буйругу менен дайындалган саясий кызмат орун. Тактап айтканда, башка мамлекеттик кызматкерлердей сынактан өтүп барбайт. Кайра баалоодон жетекчилик касиети жок кадр өтүп кетиши мүмкүн. Мыйзамдарды, Конституцияны жаттап алгандардын баары эле районду өнүктүрүп жибербейт. Мен бул аттестацияны түшүнгөн жокмун, мурунку бийликтин акимдери өтүп кетсе, калтырып коёбу? Логика түшүнүксүз да».

Ал арада Мамлекеттик кадр кызматы Нарын облусунда өткөн аттестациялоо аяктаганын кабарлады. Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматка таянып айтсак, атайын комиссия сынакка катышкан 15 талапкер боюнча «3 адам ээлеген ордуна татыктуу, мындан да жогорку кызматка сунуштоого жарайт; 9 адам кызмат ордуна ылайыктуу; 3 адам кызмат ордуна туура келбейт» деген чечим чыгарган.

Кыргыз Республикасында 7 облус, 40 район бар. 2016-жылы өзгөргөн Башмыйзамга ылайык, райондук администрациянын башчысы — акимди тандоо, дайындоо, кызматтан алуу укугу Премьер-министрге берилген. Алардын ишмердиги райондогу салык, инвестиция тартуу, кылмыштуулуктун алдын алуу сыяктуу бир жылдык пландардын аткарылышына жараша бааланат.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *