Шергазы Исматтилаев Чоң-Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты Чоң-Алай райондук админстрациясы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Шергазы Исматтилаев 1991-жылы Дароот-Коргон айылында туулган.
1997-2008-жылы Алайчу уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин аяктаган.
2009-2016-жылы Ош Технологиялык Университетинин Архитектура жана курулуш факультетин аяктаган
Эмгек жолун
2010-жылы райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүндө инженер болуп иштей баштаган.
2012-жылдан баштап архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттар бөлүмүнүн башчысы болгон.
Чоң-Алай райондук архитектура башкармалыгынын мурунку жетекчиси өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.