ЕАЭБдин бажы чек арасында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлгө тыюу салуу киргизилди, Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Товарлардын ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу тездетилген, алдын-ала болжолдонгон жана тоскоолдуксуз өтүшүнө шарттарды түзүү боюнча артыкчылыктуу иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн функцияларын кайталоого тыюу салынгандыгы такталды.

«Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин жеткирүү документтеринин тизмесине ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн болушу киргизилген. Бажы чек арасынан өтүүдө дагы текшерүүлөрдөн өтүш керек болчу, бул ишкерлерге бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан. Бул көзөмөлдү өткөрүү кайталанма мүнөздө болгонун эске алуу менен, аны өткөрүү үчүн көп убакыт кеткендигин эске алып, аны жокко чыгаруу чечими кабыл алынды », — деп айтылат билдирүүдө.

Жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды экспорттоонун бажы жол-жобосуна уруксат берилген товарларды жана жаныбарларды экспорттоодо мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан автоунаа өткөрүү пункттарында жүргүзүлүүчү жол-жоболорду оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Тыюу бажы чек арасындагы радиациялык, чек ара, транспорттук (автоунаа) жана бажы көзөмөлүнө жайылтылбайт.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Чечим расмий жарыяланган күндөн 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *