Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөө 26-февралда башталган, 9-апрелге чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев маалымат жыйында билдирди.

Өлкөдө алдын ала маалыматтарга караганда 58 миңден ашык абитуриент бар.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

-паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

-ЖРТга каттоо акысы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-орто билими жөнүндөгү аттестат;

-талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.

Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт.

Жалпы республикалык тестирлөө алдын ала маалымат боюнча, быйыл 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча 120га жакын тест борбору уюштурулат.

Тестке каттоо онлайн түрүндө болот. Абитуриенттер окуган жеринен катталат, мурдагы бүтүрүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн катталат.

Катталуу онлайн өтөт, тестирлөө өзү кадимки режимде болот.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 20 жылдан бери өткөрүлүп келет.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *