Ярославль шаарынын тургуну насыя карызын төлөбөө үчүн жынысын өзгөрттү , деп маалымдайт Ярославль аймагындагы Федералдык сот аткаруучулар кызматынын кеңсесинин сайты .
Белгиленгендей, 39 жаштагы аял сот аткаруучулары менен байланышпай, жашаган жерин алмаштырган. Анын карызы болжол менен 280 миң рублди түзгөн. Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал эркек болуп, башкача ат менен жашай баштаган.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында анын “жаңы” инсандыгын жана жайгашкан жерин аныктоого мүмкүн болду. Белгиленгендей, сот аткаруучулары карызкордон төлөнө элек каражаттарды толугу менен өндүрүп алышкан.