БШК кезексиз президенттик шайлоого катышуучулар шайлоо күрөөсүн качан төлөшү керектигин билдирет. Анын айтымында, мөөнөт 3-декабрь түнкү саат 00дө аяктайт.

Мындан тышкары, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкерлер БШКга шайлоо фонддорунун келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө үч финансылык отчет бериши керек.

Биринчи каржылык отчет — БШКга шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документтерди тапшыруу менен бир мезгилде. Экинчиси — добуш берүү күнүнө чейин жети күндөн кечиктирбестен — 2021-жылдын 2-январына чейин. Үчүнчү, финансылык отчет — шайлоодон кийин жети күндөн кечиктирбестен — 17-январга чейин, анын ичинде.

Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер 15 миллион сомдон ашык каражатты өз каражатынан жумшай албасы такталды. Талапкердин фондуна кайрымдуулук 50 миллиондон ашпашы керек. Талапкердин шайлоо фондунун көлөмү 200 миллион сомдон ашпашы керек.

Буга чейин БШКга документтерди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү “Кыш болбойт” меминин автору Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, активист Назарбек Нышанов жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов тапшырган. Алардын бардыгы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *