Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык 28-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+15, күндүз +26…+27;
Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+23;
Ош облусунда түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27;
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +19…+20;
Нарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +19…+21.
Бишкек шаарында 28-августта жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+27 градус болот.
Чоң-Алай районунда 28-августка карата жаан жаашы күтүлөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн —2…+3, күндүз +10…+17 градус жылуу болот.