9-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт.
Күндүз Чүй облусунун тоолуу аймактарында, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, Нарындын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,
Талас облусунда түнкүсүн -8….-13, күндүз -3…+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,
Ош облусундаа түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Жалал-Абад облусундаа түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Баткен облусундаа түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус болот.
Чоң-Алай районунда 9-декабрга карата күндүзү да түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.