Чон-Алай РИИБу боюнча ЖКККБнун начальниги милициянын майору Молдалиев Нурбек Шакирович.
Чон-Алай районунун элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында акыркы учурда көпчүлүк айдоочулар кар жаап жол муз, оорлугуна карабастан жазгы дөнгөлөктөр менен жүрөт талапка жооп берерлик кышкы дөнгөлотөрдү тагууну суранган. Кошумчалай 500 метр аралыкты сактоону жол эрежесин бузбоону эскертет.

«Урматтуу Чон-Алай районунун жашоочулары жана  тургундары ошондой эле коноктору!
Мына көрүп турасыздар кыш мезгили келди. Кыш мезгили келгендигине байланыштуу жолдор бизде муз кар жаап кышкы мезгилге талапка жооп берген  дөңгөлөктордү алмаштырууну суранам.
Өзүңүздөр билгендей кече Чүй облусунда чоң жол транспорт кырсыгы катталып 6 жаран каза болду. Ошондой эле Ош Чон-Алай каттамындагы каттап жүргөн, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген такси Степ үлгүсүндөгү автоунаа ээлерине кайрылам.       Урматтуу айдоочулар сиздер алып жүргөн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу сиздердин колунуздарда. Ошон үчүн сиздерден суранып кетерим кышкы талапка жооп берген дөңгөлөктөргө алмаштырыңыздар мыйзамды сактаныздар. Сиздерди уй бүлөө туугандарыңыз күтөт.
Ар бир айдоочуга аралыкты 500 метр сактап, жол эрежесин одоно бузуудан алыс болуп. Жол транспорт кырсыгын болтурбоо максатында биргеликте бизге жардам берип, чогуу иштешелик дайыма бар болуңуздар аман болуңуздар, кыш мезгилинде өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздар үчүн жол эрежесин сактоону суранам жана талап кылам.»  — деп билдирет Жол коопсуздук кызматынын  начальниги милициянын майору Молдалиев Нурбек Шакирович.

Эскерте кетсек буга чейин  11 ай аралыгында  7 жол кырсыгы  катталып 12 адама жаракат алган. Анын иичинен 2 жол кырсыгы жаш өспүрүм катышуусунда катталып, бир жашы жетелек өспүрүм  каза болуп бири оор жаракат алаган.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *