КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ!

ШАЙЛОО ПЛАТФОРМАСЫ
САДЫР ЖАПАРОВ
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
кызматына талапкер

«Биздин саясий көз караштарыбыз ар кандай, бирок
максатыбыз бир: Кыргызстандын жаркын келечегин
камсыз кылуу. Баарыбыз үчүн биздин мамлекеттин жана
элибиздин тагдыры баарынан кымбат болууга тийиш. Эң
маанилүүсү – өлкөбүздөгү тынчтык, элдин биримдиги
жана коомубуздагы коопсуздук»
(С. Жапаровдун сүйлөгөн сөзүнөн 14.11.2020)

Урматтуу шайлоочулар!
Бийликтин бирден бир булагы – бул эл. Президенттерди эл шайлайт, эгерде
элдин ишенимине татыбаса, аларды кулаткан да эл. Баш мыйзамды кабыл
алган да эл, ал эл үчүн иштебесе, анын жоболорун да эл өзгөртөт. Ушундай
болуп келген жана боло бермекчи.
Өз эркиндигин эч ким, биздей, кыргызстандыктардай баалабайт. Эгерде
колунда бийлиги бар адамдар эркиндигибизге кол сала турган болсо, анда
аны кайтарып алууга убакыт келди.
Элибиз дагы эле жакырчылыктын, мамлекеттик кызматчылардын
адилетсиздигинин, саясий тирешүүлѳрдүн, жоопкерчиликсиз бийликтин
азабын тартып жатат. Бирок бүгүн бизде жаңы келечекти курууга
мүмкүнчүлүк бар.
Бул шайлоо платформада Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча менин өзөктүү
сунуштарым көрсөтүлгөн. Бул процесс реалдуу натыйжа бере башташы үчүн
эмитен конкреттүү кадамдар жасалууда.
Келечекке кызмат бүгүндөн башталат!
ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ
2
Партиялык система өлкөгө саясий араздашуулардан башка эч нерсе алып
келбегенин көрүп турабыз. Депутаттар талашып-тартышып, парламенттеги
жана ѳкмѳттѳгү орундарды бөлүштүрүү менен алектенген учурда өлкө
өнүкмөк турсун, тышкы күчтөр биздин экономиканы карыздын сазына ого
бетер батырганга аракеттеништи. Саясатчылар телеэкрандан түшпөй
жаңжалдашып жаткан учурда, элдин ырыскысын жеген кызыл кулактар
өзүлөрүнүн элге каршы мыйзамдарын түртүп өткөрүп жатышты. Мына
ушундан улам, мен парламентарийлердин жамааттык жоопкерчиликсиздиги
Кыргызстанды талкалап жатат деп билдирем. Дал ушундан улам мен
Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам.
Сунушталган Конституциянын долбоору Конституциялык кеӊешменин
алкагында жалпы элдик талкууга коюлду. Ар бир жаран өз сунуштарын
берүү менен кеӊешменин ишмердүүлүгүн улам арттырат.
Менин сунушум: 2021-жылдын 10-январында боло турган Президенттик
шайлоо менен референдумду кошо өткөрүү керек. Ал референдумда бир гана
маселе каралат:
Мамлекеттик башкаруу:
Президенттик же парламенттик
Мына ушул референдумдун жыйынтыгы менен гана Конституциянын
долбооруна мамлекеттик башкаруу принциптерин так көрсөтүп, анан жалпы
элдик референдумга алып чыгуу керек.
Президенттин ыйгарым укуктарын анын жоопкерчилиги менен күчөтүү
керек. Мамлекет башчысы – мамлекеттин тышкы саясаттан баштап ички
чарбалык ишмердүүлүгүнө чейин толук кандуу иштешине жоопкерчилик
тартат. Эми Президент жеке өзү жооп берет.
ЖК шайлоо системасы жаатында – өкүлчүлүктүн партиялык тизмеден
тышкары, үчтѳн биринен кем эмес бөлүгүн мажоритардык система
боюнча киргизүү жөнүндө өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам.
Региондордо эл таламын талашкан элдик адамдарын эл өзү дайыма эле
чыгарып келет, мына ошондой адамдар парламентке барсын. Партиялар
болсо өкүлчүлүктүн квоталык талабын камсыз кылат.
Соттор.
3
Акыркы жылдары биздин мамлекетибизде болуп жаткан саясий
тирешүүлөрдүн, төӊкөрүштөрдүн себептеринин бири – соттордун
адилетсиздиги.
Азыркы Конституциялык кеӊешменин алдындагы максаттарынын бири – сот
реформасы. Бийликтин теӊ салмактуулугу дал ушул сот ишмердүүлүгүнө
байланыштуу экени анык.
Ошондуктан биз соттордун ишмердүүлүгүн Конституциялык деӊгээлде
кайра кароону жана адилеттүүлүктүн үлгүсүндөгү сот системасын
жаратышыбыз зарыл!
Сотторду реформалоо — аларды ротациялоо гана эмес, биринчи кезекте
алардын ишмердүүлүк механизмдерин жакшыртуу.
Соттордун курамын жаӊыртуу – бул акырындык менен бүтүүчү процесс.
Бул конституциялык өзгөртүүлөр менен биз бийликтин жоопкерсиздигин
жоёбуз.
МАМЛЕКЕТТИК ЖАӉЫЛАНУУ
Мамлекеттик башкарууга кадрлар партиялык тизме же жеке берилгендик
принциби боюнча эмес, иш билгилик жана этикалык принциптер боюнча
тандалууга тийиш, мындай болбогон учурда ар кандай прогрессивдүү
идеялар четке кагылат, же бурмаланат. Кечээки жакынкы мезгилге чейин эле
1200гө жакын кызматка адамдардын сынактан кыйгап өтүп дайындалып
келгени коррупцияга жагымдуу шарт түзүп берген. Биз бул процесстерге
кыска убакыт ичинде бөгөт коё алдык, бирок буга системалуу чечимдер
керек.
Министрликтердин жана мекемелердин санын натыйжалуулугу боюнча
оптималдаштыруу зарыл. Адамдардын алган билими жана тажрыйбасы
сөзсүз түрдѳ ээлеген кызматына шайкеш келүүгө тийиш.
Люстрация. Люстрация – бул жакпай калгандарды куугунтуктоо эмес,
кысымга алуу же өч алуу эмес. Тазалануу аркылуу жаңылануу. Кызмат
бедели булганган мамлекеттик кызматкерлер кызматынан бошотулууга
тийиш. Биз 5 жыл ичинде укук коргоо органдарынын курамын 50%га
жаңыртышыбыз абзел. Мамлекеттик кадр кызматы люстрациялык ишчаралардын негизги куралы болушу шарт.
4
Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлүп жаткан
бюрократиялык тосмолорду кыскартуу, жасалма создуктурууларды азайтуу
зарыл. Мамлекеттик тейлөөлөрдү ишкерлердин жана катардагы
жарандардын кызыкчылыгында оптималдаштырып, бул шарттар Салык
кодексинде жана башка укук ченемдер актыларында бекитилүүгө тийиш.
Мамлекеттик тейлөөлөрдү терең санариптештирүүнү камсыз кылуу.
Ишкер же жөн эле жаран, ким болбосун, ар кандай мамлекеттик орган менен
аткаминерлердин эшигин сагалабай, аралыктан туруп, онлайн түрүндө
байланышуусу талапка ылайык. Министрликтердеги жана мекемелердеги
уруксат берүү принцибинин ордуна алдын ала билдирүү принцибинин
практикасын кеңейтебиз.
Укук коргоо органдары. Акыркы жылдар жана бүгүнкү күн – бул биздин
улуттук муң-кайгыбыз. Адамдар милициядан коркот, сотторго болсо ишеним
жок. Өлкөбүздүн шайын оодарган коррупция эң эле коркунучтуу желесин
мына ушул чөйрөлөргө жайылтты. Адилеттүүлүк дайыма ачык-айкын болот,
адамдарга ачыктык, түшүнүүчүлүк болбогон жерде – адилеттүүлүк жок.
Катардагы милициянын курал колдонуу жана күч көрсөтүүгѳ мүмкүн
болгон учурларын так кѳзѳмѳлгѳ алуу менен мыйзамдын сакталышын
камсыз кылуу. Милиция тармагында жогорудан тѳмѳн башкарылган
«ишмердиктин натыйжалуулук (результат) планын» жоюу.
Кызматкерлердин билим деӊгээлин кароодо Мамлекеттик кадр
кызматынын ишинин алкагында процессуалдык нормаларды бекем сактоону
камсыздайбыз.
Жаза кодексинин «оор эмес» статьяларын криминалдаштыруудан
арылтуу
«Оор эмес», анын ичинде, бир топ экономикалык статьялар боюнча
мөөнөттөрдү айып пул төлөө жана социалдык жактан өндүрүү («коомго
иштеп берүү») системасына алмаштыруу. Күч органдарынын ишкерлердин
ишмердүүлүгүнө кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн нормативдик жактан чектөө.
Пенитенциардык системаны гумандаштыруу.
Шарттарды нормалдаштыруу, камалгандардын санын кыскартуу,
криминалдаштыруудан арылтылган статьялар боюнча мунапыс жасоо,
профилактикадан өткөрүү жана жаза мөөнөтүн абакта эмес, күнөөсүн
актаганга шарт түзүү.
5
Бул бир эсептен бюджетке да жеӊилдик алып келет.
Мына ушинтип, биз адилетсиздикти жоёбуз!
ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ
Биздин алдыбызда оор милдет турат. Кыргызстанды экономикалык өсүү
жолуна кайтаруу керек. Бюджеттин таңкыстыгын кыскартууга жетишели.
Тышкы кысымга баш ийбей, ошол эле учурда алган милдеттерибизден
тайбоо принциптеринен чектебей, тышкы кредиторлор менен мамлекеттик
карызды реструктуризациялоо жөнүндө олуттуу сүйлөшүүлөргө өтүү зарыл.
Мунун баары эркти, билимди жана элдин колдоосун талап кылат. Биз,
ѳзүбүздүн күчүбүз менен тышкы карыз көйгөйүн чечебиз!
Кыргызстандыктарды социалдык жактан коргоо – экономикалык жана
социалдык туруктуулуктун негизи. Пенсияларды, жөлөк пулдарды
индексациялоо жана төлөп берүү – бийликтин натыйжалуулугунун
башкы критерийи!
Миллионго жакын мекендештерибиз чет мамлекеттерде эмгектенүүдѳ. Алар
биздин ѳлкѳбүздүн экономикасына кошкон салымын көмүскөдө
калтырбайбыз.
Биз алыста жүргөн мекендештерибизди жумуш орундары менен камсыздай
алабызбы? Жакынкы жылдарда дароо баарын камсыздай албаганыбыз турган
иш. Бирок, биз силердин ак эмгегиңерди ар качан баалайбыз. Силердин
укугуңарды биз, мамлекет коргойбуз. Жана Кыргызстанда калган үйбүлѳңѳргѳ кам кѳрүп, бакубат турмушка ээ болушуна жетишебиз!
Биринчи кезектеги экономикалык чаралар катары төмөнкүлөргө
токтолгум келет:
 Текшерүүлөргө мораторий киргизүү жана административдик
тосмолорду алып салуу.
 Өлкөдөгү башаламандык жана өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан
ишкерлерди жана инвесторлорду компенсациялоо боюнча мамлекеттик
кепилдиктерди берүү механизмдерин иштеп чыгуу.
 Менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги
жөнүндөгү укуктук нормаларды күчөтүү.
 Кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлерди колдоого алуу, коргоо
жана инвесторлордун ишенимин кайтаруу.
 Сырьёлук эмес экспорт багытындагы бизнеске максаттуу колдоо
көрсөтүү.
6
 Энергетика таңкыстыгы көйгөйүн комплекстүү чечүү программасын
ишке ашырууну баштоо.
 Бюджетти толтуруу максатында кендерди иштетүү боюнча түзүлгөн
келишимдерди улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен кайрадан карап
чыгуу.
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын алкагында биздин алдыбызда
жаңы экономикалык тартипке – Билим экономикасына өтүү милдети турат.
Акыркы жылдардагы дүйнөлүк кризис билим экономикасынын биринчи
орунга чыкканын көрсөтүүдө. Бул дүйнөлүк экономика кандай багытта бара
жатканы, өзүбүздүн экономиканы колдоо үчүн кандай стратегиялар керек
экендиги жөнүндөгү билим. Башкаруунун заманбап формаларын түзүү, жаңы
технологияларды, материалдарды жана товарларды чыгаруу, рыноктордун
коньюнктурасын өзгөртүү боюнча билим.
Бүгүн адистердин аралыктан туруп иштөөсү бүткүл дүйнөдө кадыресе
көрүнүш болуп калды. Азыр дүйнөлүк бренддер менен кызматташып жаткан
кыргызстандык жаш улан-кыздар бар. Жаштар өлкөсүнөн кетпей туруп иш
менен камсыз болууга мүмкүнчүлүктөр жаралууда.
Билим экономикасы Кыргызстандын финансылык системасын реформа
жасоого жардам бериши керек. Учурдагы системаны узак жылдардан бери
колдонуу өлкөнүн бул алкакта көзгө көрүнгөн прогресске жетүүгө
жөндөмсүз экенин көрсөттү. Муну реформалоо боюнча сунуштар бар. Бул
тема тыкыр изилдеп чыгууну жана этап менен киргизүүнү талап кылат.
Кадрларды тандоонун жаңы системасынын жардамы менен адистердин
жөндөмүнө жана абийирдүүлүгүнө жараша ийгилик болоору ырас.
Бул үчүн биз билим берүү тармагын толугу менен реформа жасайбыз. Ал
реформа Жаңы мезгилдин ыргагында жаңы экономиканын талабына ылайык
болуусу абзел. Мектеп бүтүрүүчүлѳрү азыркы заманбап технологиялык
билимдер жана тажрыйбалар менен куралдануусу зарыл: программалоо, кѳп
тилдүүлүк, табигый-техникалык илимдерди терең ѳздѳштүрүү ж.б. Күтүүсүз
жагдайдан жаралган аралыктан билим алуу маселесин натыйжалуулукка
жеткирүү күн тартибиндеги эң башкы маселе. Аны биз жаңы ыкмалардын,
адистерди даярдоонун жана техникалык каражаттарды камсыздоонун
жардамы менен ишке ашырабыз.
Илим жана интеллектуалдык менчикти коргоо, инновациялар жана
жаңы технологиялар — бийлик акыркы 30 жылда четке кагып келген
7
тармактар. Биз элдин интеллектуалдык потенциалына болгон мындай
жоопкерчиликсиз мамилени мындан ары уланта албайбыз.
Жаңы тармактарды түзүү жана жаңы рынокторго чыгуу
ЕАЭБде калыптанган мамилелерден баш тартпай туруп, кызматташуунун
жана өз ара сооданын жаңы багыттарын өнүктүрүүбүз кажет. Буга сырьёлук
эмес, экспортту колдоо программасы кол кабыш кылмакчы.
Дүйнөдө экономиканын таптакыр жаңы тармактары – криптовалюталар,
дата-борборлор, жасалма интеллекттер, эбегейсиз онлайн-индустриялар
пайда болууда. Кыргызстан бул тармактарда ѳз ордун ээлѳѳсү зарыл.
Биз, өзүбүздүн адамдык потенциалыбызды жаңыдан пайда болуп келе
жаткан санариптик коомду, билим экономикасын, IT–тармагын,
фармакология, биотехнология, нанотехнология жаатындагы жогорку
технологиялык өндүрүштү ж.б. түптөөдө пайдаланууга мүмкүнчүлүгүбүз
бар.
Калктын саламаттыгы – бул мамлекеттик жана экономикалык
кубаттуулуктун негизги фактору. Пандемия системанын чабал жерлерин:
адистердин тартыштыгын, материалдык-техникалык базанын чабалдыгын,
тармакты каржылоонун жетишсиздигин көрсөттү. Эң башкысы, бийликтин
чечкиндүү иш-аракеттерге даяр эместиги “КОВИД” илдетинин биринчи
толкунундагы иштин натыйжасыздыгынын себепкери болду. Саламаттыкты
сактоо тармагына жумшалуучу бюджеттик чыгымдардын үлүшү, эң эле аз
дегенде, эки эсеге көбөйүүсү зарыл. Мындай көбөйтүүнүн булагы болуп,
чиновниктердин жана депутаттардын аппаратын оптималдаштыруудан
үнөмдөлгөн каражаттар эсептелет.
Кыргызстандын экологиялык коопсуздугу – келечектеги ѳнүгүү. Ушул
принциптин алкагында биз булгануунун жол берилген нормативдерин кайра
карап чыгабыз. Мындан тышкары, экологиялык кооптуу ишканалардын
тизмесине кирген бардык ири ишканалардын ишине терең жана калыс
экологиялык аудит жүргүзөбүз. Мамлекет өндүрүшчүлөргө жаратылышка
зыян келтирбеген жаңы технологияларды пайдаланууга колдоо көрсөтүүгө
тийиш. Бул чараны ишке ашырууда Ата Мекендик жана чет мамлекеттик
ишканалар бирдей тартипте каралат.
Ошентип биз жакырчылыкты жоёбуз!
МАДАНИЙ КАЙРА ЖАРАЛУУ
8
Кыргыздар миӊдеген жылдарды карыткан тарыхында бирде бийиктеп,
мамлекет, каганат куруп, ааламга даңкы тарап, бирде пастап, көз каранды
турмуш сүргөн мезгилдерди да башынан өткөрүп келди.
Канчалаган элдер, маданияттар мезгилдин мындай сыноосуна туруштук бере
албай, жок болуп кетти. Кыргыздардын сакталып калышынын бирден бир
себеби, анын элдүүлүгүндө.
Элдүүлүк эӊ оболу эл ичиндеги өз ара мамилени чыӊдай турган тартиптен
башталат. Ал тартип ЭЛДИК НАРКка негизделген.
Бүгүн биздин алдыбызда маданий кайра жаралуу маселеси турат.
Илим жаатында «Кыргыз маданияты», «Кыргыз философиясы»,
«Кыргыз дүйнө таанымы», «Кыргыз этнопедогогикасы» деген илим
тармактарын жаратабыз.
Элдик нарктын өзөгүн түзгөн кыргыздын салт-санаасын, адеп-ахлагын,
тарбия-таалим маселелерин бирдиктүү, ырааттуу тартипке келтирип, түрдүү
ыкмада элге жайылтабыз.
Көчмөн маданиятынын үлгүсүн көрсөтүп, дүйнө элдеринин таӊдануусун
жараткандай, биз, кыргызстандыктар, бүткүл дүйнөлүк маданияттагы
татыктуу ордубузду көрсөтөбүз.
УЛУТТУК БИРИМДИК
Биз кура турган мамлекеттин базалык принциптери – заманбап, светтик,
экономикалык жактан бакубат, укуктук, адилеттүү, элдик наркка
негизделген, көп улуттуу элибиздин жашоосу үчүн ыңгайлуу мамлекетти
куруу. Кубаттуу мамлекетти биримдикте гана курууга болот. Биздин
өлкөбүздүн жарандары ар кандай этностордун өкүлдөрү болсо да,
Кыргызстанга болгон урмат-сый, келечекке болгон ишеним бириктирип
турат!
Биздин биримдигибизге кантип доо кетирүүнүн аргасын издеп жаткандарды
көрүп турабыз. Мындай аракеттер тыштан болуп жатканы жашыруун эмес.
Бүгүн кимдир бирөөлөр коркутуу үчүн жана арабызда ишенбөөчүлүктү
жаратуу үчүн кыргызстандык өзбектерди коркутса, эртең орустарды же
дунгандарды коркутуу аракеттери болушу ыктымал.
Мен: кыргызстандыктар, эч нерседен коркпогула, деп ишендирем!
9
Эгерде биз өзүбүз чагымчылыкка алдырбасак, өлкөнү аймактык же тил
принциби боюнча бөлүп-жаруу аракеттери оңунан чыкпайт.
Баш мыйзамга Курултай институтун киргизүү теӊ салмактуулук системасын
бекемдейт. Кыргызстандын көп улуттуу элинин өкүлдөрү жыл сайын
бийликтин өкүлдөрүнө элдин сунуштарын берип турмакчы. Мындай элдик
жыйын коррупцияны, бийликти энчилеп алууну жана диктаторлук режимди
түзүүнү жокко чыгарып, саясий туруктуулукту орнотууга жана адилеттүүлүк
принциптерин сактоого өбөлгө түзөт.
Кыргызстан – ар бир жаран өз келечеги үчүн кооптонбогон, мамлекеттик
машинадан коркпогон, тескерисинче, ага ишенген өлкөгө айланат. Сөз жана
ЖМКнын эркиндиги биздин ѳлкѳдѳ мындан ары да кол тийгис баалуулук
болот.
Саясий ымалага келүү
Өлкөдө көп жылдардан бери адамдарды саясий көз караштары үчүн
куугунтуктоо болуп келди. Бүгүн да мындай кѳрүнүштѳр бар. Мен баарын
таза барактан баштоону сунуш кылам жана саясий жактан ымалага келүүгө
чакырам.
Биз саясий тирешүүлѳрдү жоёбуз!
Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештер!
Биз чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Мекенге болгон адал эмгек, ак
мээнет – биздин колубузда!
Бул үчүн Элге, Мекенге, Келечекке ак кызмат кылуу керек!
КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ БҮГҮНДӨН БАШТАЛАТ!

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *