Ошко Новосибирсктен 175 Кыргызстандын жарандары учуп келди, алардын ичинде 2 дарыгер бар. Бул тууралуу Республликалык штабдан билдирди.

«Ош» эл аралык аэропортунда 18-июлда «S7» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.

Мекенине Россиядан 175 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.

Чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск облусунда, Красноярск, Приморье аймактарында жашаган КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлүп, алардын ичине төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле Новосибирсктеги клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар жана Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер кирди.

Бул каттам менен Кыргызстанга ошондой эле 2 дарыгер мекендешибиз кайтып келди, алар коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккан жарандарыбыздын өмүрү менен ден соолугу үчүн Кыргызстандагы кесиптештерине жардам беришмекчи.
Андан сырткары аталган борт менен мекендештер тарабынан даярдалган 198 миң рубль өлчөмүндөгү медициналык препараттар жана керектүү шаймандардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *